Депутат Дастан Бекешев Ысык-Көлгө велосипед менен сапар алганын соцтармактагы баракчасына жарыялады. Эл өкүлү шайтан араба менен жол арбытып баратканын чагылдырган видео да жүктөдөу.
"29-июнда санаалаштар менен Бишкектен Чолпон-Атага чейин велосипед менен барууну макулдашканбыз. 120 кмден бир аз аштык. Кийинки жылы бардык дистанцияны басып өтөбүз деп үмүттөнөм", - деген депутат 120 километр жолго 12 саат керектелгенин да белгилеген.