Кубанычбек Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев Бишкек шаардык сотуна арыз таштаганын билдирди. Кулматовдун абакта кармоо мөөнөтүнүн узартылганына нааразы болушууда.
Адвокаттын айтымында, арызды кечээ беришкен. Эми процесстин дайындалышын күтүшүүдө.
"Кечээ УКМКнын абагына барып, Кулматовго жолугуп келдим. Абакта отурганына карабай маанайы жакшы. Абакта ротация жүрүп, анын жанындагы камералашы башка камерага которулуп, ордуна башкасы келиптир. Кандайдыр бир конфликт болгон-болбогонун айтпады. Жубайы менен дагы деле жолугушуусуна уруксат берише элек", - деди адвокат.
Эске салсак, Кубанычбек Кулматов Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде түрк грантынан каражатты өз кызыкчылыгына колдонгон деп айыпталууда.