Экс-депутат Өмүрбек Бабанов президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылыгын билдирди. Ал соцтармактагы баракчасына: 

 

"Сооронбай Шариповичке менин уулума айткан жылуу сөздөрү үчүн рахмат!" - деп жазды. 

 

Бүгүн президент "Ала Арча" мамлекеттик резиденциясында мыкты окуган бүтүрүүчүлөргө "алтын сертификат" сыйлыгын тапшырды. Алардын арасында Бабановдун уулу Нурэмир Бабанов да бар.