Бүгүн, 3-июлда, Мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында республикалык жалпы тестирлөөдөн жогорку упай топтогондорго алтын сертификаттарды тапшыруу аземи болду.
Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Маалыматка караганда, президент бүтүрүүчүлөргө ноутбук жана акчалай сыйлык тапшырды. Сыйлыкка эгедер болгон бүтүрүүчүлөрдүн тизмесинде экс-депутат Өмүрбек Бабановдун уулу Нурэмир Бабанов да бар.
Эске салсак, Өмүрбек Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо президент Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болгон жана президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Кийинчерээк ага карата кылмыш иши ачылган.