Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев соцтармактагы баракчасына орус тилинде билдирүү жазды. Аны кыргызчага которгондо мындай маанини берет:
"Саясат тууралуу эмес. Өзүмө өзүм эмнеге биздин аялдар боенушат, макияж жасашат, кыскасы сулууланышат деген суроону көп берем. Эмнеге юбка, жинсы жана башка эркектердин табигый каалоосун ойгото турган чыпталышкан кийим кийинишет? Бирок, тигил же бул жигит токтоно албай, кучактап, же өпкөнгө аракет кылса (албетте, зордукчулук тууралуу сөз болуп жаткан жок) айым дароо эле зомбулукту айтып, кыйкырып чыгат!
Анда эмнеге жасанасыңар? Табият да".
Пост жарыяланары менен кыска убакыттын аралыгында жүзгө жакын комментарийлер жазылды. Басымдуу бөлүгү эл өкүлүн аялдардын макияжынан башка өлкөдө талкуулай турган тема таппай калганын сынга алышты. Ал турмак арасында, депутаттын казинодон башы чыкпай жүрүп, башка темаларга көщүл бура албай жатканын да жазгандар болду.
Мындай "тепкилердин" чок ортосунда калган депутат кийинки постунда "тамашаны түшүнбөгөнөрдү айланып өтүүгө" чакырды: "Достор!Мен тамаша иретинде жазган посттордо кандай бир жаман ой издебегиле. Мен деле сидерге окшош адаммын. Ар бир созумдо саясат издебей эле койгула. Эгерде создорум жакпаса, озунордун досттук тизмеден чыгарып таштагыла, таарынбаймын!" "Ойлонбой жазса, онтобой ооруга жолугаарын" эл өкүлү эми түшүнсө керек...