3-4-июль күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо жайгашкан жайлоолордо жаан карга айланышы күтүлөт. 3-4-июль күндөрү түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында жана Нарын, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын каттуу жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетет.
3-июлда абанын күндүзгү температурасы абдан төмөндөп: Чүй өрөөнүндө 23…28°, Талас өрөөнүндө 21…26°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 25…30°, тоо этектеринде жана Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 20…25°, тоолуу райондордо 13…18°, бийик тоолуу райондордо 3…8° жылуу болот.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, эн
ергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.
3-4-июлдарда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын сел коркунучу бар райондорунда сел жүрүү ыктымалы жогору.
3-7 июлдарда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайы
3-4-июлда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, 3-июлда жана 4-июлда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында жана Нарын, Ош, Бакен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын каттуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетет.
5-июлда тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаап, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
6-7-июль күндөрү жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
8-9-июлда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу
8-9-июлдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.