2018-жылдын 3-июль күнү саат 02:00 чамасында, алдын ала маалымат боюнча, Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Красная-Речка - курорт "Ысык-Ата" унаа жолунун 40 чакырымында 2 жеринен шагыл аралашкан сел жүргөн.
№43 ЖТИден тартылган техниканын (1 даана фронталдык жүктөгүч, 1 даана грейдер) жардамында тазалоо иштери жүрүп жатат, унаа жол бир тарапка ачык.
Кошумча маалымат берилет.
Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматынан билдиришти.