2018-жылдын январь айында Ысык-Көл районунун Бостери айылында “Осьминог” кафеси өрттөлгөн. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин 2-бөлүмү (өрттөө аркылуу атайылап мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу) менен кылмыш ишин козгоонун негизинде ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Ички иштер органдарынын кызматкерлери шектелген адамдардын өздүгүн тактап, алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Ысык-Көл облусунун жашоочулары экендиги аныкталып, убактылуу кармоочу жайга камалышкан. Шектүүлөрдүн жашаган жерлерин текшерүү учурунда баңгизаттар менен ок-дарылар табылган. Аныкталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) жана 241-беренеси (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) менен кылмыш иштери козголгон.
Бул тууралуу КР ИИМден билдиришти.
Жогорудагы факты коомчулук тарабынан кызуу талкуу жараткан. Жеке ишкердин өмүрүнө жана ден соолугун коргоо максатында мамлекеттик коргоого алуу чечими кабыл алынган. Кылмыш ишинин иликтениши ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүндө болгон. Иликтөө ишинин жүрүшүндө алгылыктуу иштер жүргүзүлүп, ИИМдин ыкчам кызматтарынын иш-аракеттери менен кылмыш ишинин бетин ачууга мүмкүн болду.
ИИМдин КМКнын УККБнын кызматкерлери жүргүзүлүп жаткан ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кафени өрттөөгө тиешеси бар башка жарандардын изине түшүшкөн.
2018-жылдын 26-июнь күнү Ысык-Көл районунан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 1994-жылы Ж.Р. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Криминалдык милиция кызматы тактагандай, кармалган жаран кафени өрттөөгө тиешеси бар. Андан сырткары, кармалган жаранга өздүк кароо жүргүзүү учурунда кочкул-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар 5,5 грамм болгон баңгизаты табылган. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) негизинде кылмыш иши козголду.
Аны менен кошо дагы бир шериктешинин өздүгү такталып, жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар делип Ысык-Көл облусунун 1995-жылы туулган А.Д. аттуу жаран кармалган.
ИИМдин КМКнын УККБнын маалыматы боюнча кармалган жарандар кафени атайылап бензин менен өрттөшүп, алыстан кандай өрттөнүп жаткандыгын карап турушкан.
Аталган кылмыш иши боюнча төрт жаран кармалды. Азыркы учурда кармалган жарандардын башка ишкерлерди коркутуу боюнча ушул сыяктуу кылмыш иштерине тиешеси бардыгы иликтенип жатат.