Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун баш коргоо чарасы боюнча Жогорку сотко арызданышканын анын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди. Бирок, азырынча Жогорку соттун коллегиясы дайындала элек.
Адвокаттын айтымында, Исаковдун баш коргоо чарасын өзгөртүү үчүн арыз жазышкан.
Буга дейре Биринчи май райондук сотунун чыгарган чечимине нааразы болгон Исаков тарап шаардык сотко арызданышкан. Бирок, Бишкек шаардык соту райондук соттун мурдагы премьер-министрди тергөө амалдары аягына чыкканга чейин абакта кармоо чечимин күчүндө калтырган.
Сапар Исаков Бишкек ЖЭБин модернизациялоо ишиндеги коррупция боюнча айыпталууда.