2018-жылдын 2-июль күнү Талас облусунун Кара-Бура районундагы Талас-Тараз унаа жолунун 58-чакырымында (Бейшеке айылы) Ауди (мам.№S15-28Е) жана Хонда Степ (мам.№07KG551AAY) үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсык болгон жерде “Ауди” үлгүсүндөгү унаадагы 2 адам каза болуп (1955-ж.т. К. К, 1959-ж.т. А. М.), 7 жашар бала оор жаракат алып жандандыруу бөлүмүнө жеткизилген (аты жөнү такталууда).
ӨКМнын билдиргенине караганда, “Хонда Степ” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу оор жаракат (аты жөнү такталууда) алган. Куткаруучулар жаракат алгандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришип, каза болгон адамдарды райондук өлүк сактоочу жайга жеткиришкен.