Нарында 55 миң гектардан ашуун аянтта чегирткеге каршы химиялык тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

 

Маалыматка караганда, аталган облустун Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Нарын райондорунун жайыттарында жана талааларында пайда болгон чегирткеден жана башка курт-кумурскалардан өсүмдүктөрдү коргоо максатында 13-июнда аймакта өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

 

Мекеме кабарлагандай, айдоо талааларында инвазияга каршы химиялык дарылоо иштери бүгүн да уланууда.