Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев адвокат жалдаганы тууралуу маалымат каражаттарына билдирди. 

 

Эске салсак, 29-июнда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы   "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин жетекчилигине карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыш ишин козголгону белгилүү болгон. Аталган бирикмени Мээрбек Мискенбаев жетектеп келген. Жетекчилик  апрель окуясынын катышуучуларын социалдык колдоо үчүн 2,1 миллиондон ашык сомго бааланган көмүрдү өз кызыкчылыгын пайдаланган  деп айыпталууда.  

 

Ал эми Мээрбек Мискенбаевдин айтымында, ал кылмыш иши тууралуу маалымат каражаттарынан окуп, билген. Азырынча суракка чакырыла элек. 

 

"Бул саясий куугунтук. Ушул жылдын март айында мен Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшыруусу керек деп айтып чыккам. Анткени, агасы президент болуп турганда, инисинин депутат болушу үй-бүлөлүк башкарууга жол берилиши мүмкүн деп эсептегем", - деп билдирген Мискенбаев.