Бул тууралуу Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башкы адиси билдирди.
Маалыматка караганда, кезек күн сайын жаңыланат. Учурда миңден ашуун бала бала бакчаларга кезеги жетип орноштурулду. Апрелдин башында жазылгандар 4 миң болсо, учурда алардын катары 9 миңге көбөйдү.
Адистин айтымында, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде убак-убагы менен орун бошоп турат. Ата-энелер жашаган жерин алмаштырып, баласын башка бала бакчага которгон учурлар кездешет. Негизинен орун сентябрдан башында бошойт. Электрондук кезекке турган ата-эне сайтка катталып, код жана логин, пароль алышы керек. Кезеги жеткенде аларга билдирүү жөнөтүлөт. Андан кийин тийиштүү документтер менен бала бакчага бара беришет.