Боом капчыгайындагы жол кырсыгынан эне менен бала каза табышты. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү Башкармалыктан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, аталган кызматтын инспектору Боом капчыгайында нөөмөткө туруп, жумуш убактысы аяктагандан кийин шаарга кайтып келаткан. Алардын каршысына "Тайота Авенсис" үлгүсүндөгү автоунаа чыгып, эки автоунаа кагышып кеткен. "Тайотада" 27 жаштагы аял жана анын бир жаштагы кызы  болгон. Наристе окуя болгон жерде мүрт кетип, аял ооруканада эсине келбеген бойдон каза тапкан. 

 

Токмок шаарынын ооруканасына каршы сызыкка чыккан автоунаанын айдоочусу менен дагы бир жүргүнчү жеткирилген. Рулда отурган инспектор да оор жарааттарды алып, жандандыруу бөлүмгө түшкөн. Анын жанындагы дагы бир инспектордун баш мээси чайкалган. 

 

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, "Тайота Авенсис" автоунаасынын айдоочусу рулда баратып уктап кеткен. Азырынча, ичимдик ичкен-ичпегени белгисиз. Бул боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалды.