Кадамжай райондук ИИБине  1-июлда телефон чалуу болуп, белгисиз кыз: "Мен жашоодон жададым, сууга чөгүп өлөм", - деп айтып, трубканы коюп койгон. Бөлүмдүн кызматкерлери топторго бөлүнүп, издөө иштерин башташкан. 

 

Бул тууралуу Баткен ИИБинен билдиришти. 

 

Таш-Дөбө айылындагы каналды текшерип жүргөн айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы  Нурланбек Бегалиев сууда агып бараткан бейтааныш кызды көрүп, куткаруу үчүн сууга секирген. Куткарылган кыз ушул жылы мектепти аяктаганы белгилүү болгон. Ата-энеси Россияда иштеп, а кыз таенеси менен чогуу жашайт. 

 

Милиция кызматкерлери кыз менен баарлашып, анын бул кадамга үй-бүлөдөгү келишпестиктен барганын аныкташкан. Ал эрезеге жете электердин иши боюнча инспектордун коштоосунда туугандарына жеткирилди. Акыбалы канааттандырарлык.