“Айкөл Ала-Тоо” жана “Апрель баатырлары” коомдук бирикмелеринин жетекчилерине карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 166  (“Алдамчылык”) -  боюнча кылмыш иши козголду.

 

Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү  кызматынан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, прокуратура аталган кылмыш ишинин  материалдарын  топтоп, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына  өткөрүп берген.

 

Ага ылайык, аталган коомдук бирикмесинин жетекчилиги  апрель окуясынын катышуучуларын социалдык колдоо үчүн бөлүнгөн,  2,1 миллиондон ашуун  сомго бааланган көмүрдү уурдаган деп айыпталууда. Аны экс-депутат  Мээрбек Мискенбаев жетектейт.  

 

Белгилей кетсек, Мискенбаев КСДП партиясынын курамында, ал экс-президентке жигердүү кызмат өтөгөн. Асылбек Жээнбековдун депутаттык мандаттан баш тартуусу керек деген демилгени көтөрүп чыккан.