КСДПнын жаштар канатынын мурдагы лидери Ренат Самудинов жубайы  КТРКнын мурдагы журналисти Элнура Модокадырова экөө 2017-жылдын ноябрь айында Америкага Мексика аркылуу кирип баратышканда кармалышканы белгилүү болгон. Алар АКШдан саясий башпаанек сурашкан. Жубайлар убактылуу кармоочу жайда экени айтылып, андан кийинки тагдырлары белгисиз бойдон калган эле. 

 

Ренат Самудиновдун видеокайрылуусу соцтармактарга тарады. Анда мурдагы лидер Кыргызстандын бийлиги жубайы экөөнүн эмгегин баалашпаганын, басмырлоолорго туш болгондуктарын, ошондон улам АКШга келишкенин белгилеген. 

 

"Жубайым көптөгөн коррупциялык схемаларды материалдарында ачып берген. Мен Кыргызстандагы демократиялык баалуулуктардын алдыга жылышы үчүн аракеттендим. Партиялык курулуш иштери менен алектенгенимде бир катар таза эмес көрүнүштөргө туш болдум. Бул тууралуу Фарид Ниязовго айтсам, мени колдогондун ордуна басым жасай баштады. Белгисиз адамдар жубайыма кол салууга да аракет кылышты. Биздин бийлик менин да, жубайымдын да эмгегин баалашкан жок", - дейт Ренат Самудинов. 

 

Учурда алар Чикаго шаарында жашашууда.