Өткөн сессия мезгилинде өлкөнүн мыйзамдык базасын чыӊдоого, жүргүзүлүп жаткан реформаларды мыйзамдык жактан камсыз кылууга, экономиканы өнүктүрүүгө, калк турмушун жакшыртууга багытталган 124 мыйзам, 615 токтом кабыл алынды. 108 мыйзамга Президент тарабынан кол коюлду. Жарандардын 23697 кайрылуусу каралып, шайлоочулар менен 1233 жолугушуу өткөрүлдү.
Бул тууралуу спикер Дастанбек Жумабеков VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин IV сессиясынын жыйынтыгына арналган маалымат-жыйындын жүрүшүндө билдирди.
“Өзүӊөр күбө болгондой, депутаттарыбыз сессия мезгилинде кыйла алгылыктуу иштөө менен, мамлекеттин мыйзамдык базасын чыӊдоого жана өркүндөтүүгө, улуттук мыйзамдарды ЕАЭБ талаптарына шайкеш келтирүүгө багытталган өтө маанилүү мыйзамдар, токтомдор, чечимдер кабыл алынды, өлкө экономикасын көтөрүүгө жана калк турмушун жакшыртууга багытталган көптөгөн орчундуу иш-чаралар өткөрүлдү. Кыргыз парламенти көп тармактуу реформаларга мыйзамдык негиз түзүп берүү менен, аларга жакындан колдоо көрсөтө алды”, - деди Дастанбек Жумабеков.