Бишкек шаарынын Свердлов районунда2018-жылдын 28-июнь күнү саат 10:15 чамасында Комсомол көлмөсүнүн жээгинде атасы менен бара жаткан 2 жашар А.Харламов кокусунан сууга түшүп кеткен.

 

КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын Комсомол көлүндө нөөмөттө турган куткаруучулары баланы суудан чыгарышып, биринчи медициналык тез жардам көрсөтүшүп, атасына өткөрүп беришкен.

 

Бала башынан жаракат алган, абалы канааттандыраарлык.