Ош шаарынын Достук кичи районунда 2018-жылдын 29-июнь күнү саат 04:06 чамасында 44-көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн чатырынан өрт чыккан. Натыйжада жанаша жайгашкан “Ансар” кафесинин чатыры күйгөн. Өрттүн кесепетинен жалпы 550 м2 чатыры күйгөн. Өрттөн жабыркагандар жана каза болгондор жок. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнин Ош шаардык №13 АӨКБдан 2 бөлүм, №12 АӨКБдан 2 бөлүм, №109 ӨКБдан 1 бөлүм жана ККББнун ыкчам тобу КБП унаасы менен, жалпы 5 бөлүм тартылган. Мындан сырткары ИИМден 5 кызматкер, медициналык тез жардам кызматынан 1 бригада, газ тармактар ишканасынан 1 бригада, Ош РЭТ ишканасынан 1 бригада тартылган.
Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: Өрт саат 04:57де чектөөгө алынып, саат 06:41де толук өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.