Ош шаарында милиция кызматкерлери 41 жаштагы кишини кармашты. Ал мас абалында өз энесине кол көтөргөн.
Бул тууралуу Ош ИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, уулу энесин сабап, ал кулап түшкөндө муунтуп баштаган. Ал энесинен акча талап кылган.
Жабырлануучу Ош облустук ооруканасына жаткырылды. Киши буга дейре адам өлтүрүү боюнча жаза мөөнөтүн өтөп чыккан. Ош шаардык соту тергөө амалдары бүткөнгө чейин аны камакка алды. Кылмыш иши ачылды.