Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн, 29-июнда парламенттин бир жылдык ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берет. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.
Маалыматка караганда, спикер 28-июнда VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин IV сессиясын жыйынтыктап жатып, өлкөнүн мыйзамдык базасын чыӊдоого жана өркүндөтүү максатында иштелип чыккан бир катар өтө маанилүү мыйзамдар, токтомдор, чечимдер кабыл алынганын жана анда парламент жогорку кесипкөйлүгүн тастыктаганын белгиледи.
Депутаттар 1-июлдан тартып сентябрга чейин эс алышат. Биринчи айда жер-жерлерге барып шайлоочулар менен жолугушушса, августта эмгек өргүүсүндө болушат.