Кыргыз Республикасынын Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси С. Адамкулова Кувейт мамлекетинин Каржы министри  Наиф Аль-Хаджраф менен дагы расмий жолугушту.

           

           

Кездешүүнүн жүрүшүндө С.Адамкулова жана Н.Аль-Хаджраф ушул жылдын  24-26 апрелинде Эль-Кувейт шаарында   өткөн Биринчи Өкмөттөр аралык Кыргыз-Кувейт экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча комиссиянын жыйынынын ийгиликтүү өткөндүгүн баса белгилешти. Маселен, министр Н.Аль-Хаджраф Кувейт тарап Биринчи Өкмөттөр аралык комиссиясынын чечимдерин жүзөгө ашыруу максатында атайын иш-чаралар дагы пландалгандыгын ачыктады. Ал жигердүү мамилелерди бекемдөө жана өнүктүрүү максатында кол коюлган Протоколдордун алкагында эки тараптуу маселелерди өнүктүрүү үчүн Кыргыз-Кувейт тараптын министрлик жана мекемелер жаатындагы тажрыйба алмашуу боюнча өз ой-пикирин билдирди.

 

Акырында эки тарап кызматташтык мамилелерин мындан ары улантуу боюнча өз ара макулдашышты. Ошону менен бирге эки өлкө ортосундагы тажрыйба алмашуу, Өкмөттөр аралык Кыргыз-Кувейт жыйынын үзгүлтүксүз өткөрүп туруу боюнча дагы бир пикирге токтолушту.