Кыргыз Республикасынын Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси С. Адамкулова Кувейттин соода-өнөр жай палатасынын башкы директору Раббах Аль-Раббах мырза менен жолугушту.

           

Жолугушуунун жүрүшүндө С. Адамкулова Кыргызстанда бизнес кылуу үчүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана өлкөнүн дарамети туурасында дагы кең-кесири баяндады. Жооп иретинде Кувейт мамлекетинин соода-өнөр жай палатасынын башкы директору Раббах Аль-Раббах 1999-жылы Кыргызстанда болгондугун, бул кереметтүү өлкө менен мурдатан тааныш экендигин айтты. Ошондой эле ал эки өлкөнүн мамилесин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экендигин баса белгилеп, Кыргыз товарларын Кувейт рыногуна байма-бай алып чыгууну дагы сунуштады.

 

Соңунда Раббах Аль-Раббах Кыргыз тарапты Кувейттин Соода-өнөр жай палатасынын эл аралык көргөзмөлөрүнө жана иш-чараларына үзгүлтүксүз катышып туруусуна кызыкдар экендигин жашырган жок.