Кыргызстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери өздөрү укук бузуп, мыйзамсыз иштер менен шугулданып, “карышкыр кой кайтаргандай” эле болуп калыптыр. Ушул жумада Айзада Имашова аттуу социалдык тармактын колдонуучунун Президент С. Жээнбековго кайрылуусу жарыяланды. Анда 2007-2008 жылдары ИИМдин баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы кызматтын ыкчам кызматкери Руслан Ушамиев ошол эле кызматтын ага ыкчам кызматкери Алмаз Джайчибеков жана ыкчам кызматкер Иванов А. болуп кылмыштуу топ түзүшкөндүгү баяндалган. Андан ары бул кылмыштуу топту аталган кызматтын начальнигинин орун басары Алиев А. калкалап, үстүнөн көзөмөлдөп тургандыгы айтылган. Автордун айтуусунда, бул  кылмыштуу топ маңзат менен соода кылгандарды кармап, подстава кылуу жолдору менен акча каражатын өндүрүп турушкан. 2008- 2009 жылдары ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгында Ушамиев Р. менен Джайчибеков. А бир бөлүмдө иштеп, баңгизат менен соода кылышкан кишилерди “крышовать” этишкендиги тууралуу маалыматтар ИИМ кызматкерлеринин арасында кеӊири айтылып жүргөндүгү да сөз болот. 2010-жылы мурдагы ГСКНдин бөлүм башчысы Араев Азамат мурдагы баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы кызматтын бөлүм башчысы Джайчибеков Алмазбек болуп өз ара сүйлөшүп, Тажик Республикасынын жарандары менен бирге “ Баткен областы – Бишкек шаары – Москва шаары” маршруту боюнча баңгизатты транспортировкалоону жана андан ары реализациялоону колго алышканын билгендер бар экен. Кыскасы, өлкөбүздүн мыйзамсыз маңзатты көзөмөлдөгөн органынын жетекчилери өздөрү трансулуттук маңзатты ташыган канал ачып, “бизнеси” гүлдөп атыптыр. Президент, ИИМдин жаңы министри бул фактыга эмне дейт экен?