Парламентте Рыскелди Момбеков деген депутат бар. Сүйлөсө эки сөзүнүн бирин уйкаштырып, жамактатып жиберет. Айтор ал сүйлөгөндө кадимки Эстеке (төкмө акын Эстебес Турсуналиев, маркумдун жаткан жери жайлуу болсун) тирилип келгендей эле элес калтырат. Өзү КСДПнын мүчөсү, мурда кайсы бир гезиттин редактору болуп, 2010-жылдагы апрель төңкөрүшүнөн кийин “жылдызы” жанган. Алгач майлуу деп эсептелген “Учкун” концернин бир аз башкарып, көп өтпөй ал кездеги “патрону” А. Атмабаевдин амири менен депутаттык мандат колго тийип, мантайып эле Парламентте отуруп калган. Бирок жакында ушул Ырыся-депутаттын диплому жасалма экендиги тууралуу каңшаар тарады. Ал өзүн Ж. Баласагын атындагы КУУнун юридика адистиги боюнча 2003-жылы, 35 жашында аяктагандыгын айтып жүргөн. Бирок, өзү менен чогуу окуган бир да курсташтары, группалаштары жок болууда. Баарынан кызыгы, Р. Момбеков өзү жасалма диплом менен мамлекеттик кызматка келип алганы аз келгенсип (эгер чын болсо), мандатынын таасири менен дагы бир топ жогорку билими жок кадрларды жетекчилик кызматтарга алып келгендиги белгилүү. Мындайлардын катарында Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү М. Мураталиевди айтышууда. Бул эргул 2013-жылы Талас технологиялык институтун аяктаган деп өмүр-таржымалында жазылып жүрөт. Демек, губернатор болуп дайындаларынан төрт жыл мурун гана колуна диплом алган болуп саналат. Бирок, ошондо да жасалма диплом. Анын да кашайып группалаштары жок. Эми жамакчы-депутат өзүнүн таржымалы тууралуу УКМКга “сайрап” берер...