Мурунку бийликтин жасоолдорунун бири болгон, өзү да көп чуулгандуу иштерге аралашкандыгы айтылып жүргөн ИИМдин орун басары Данияр Абдыкаров иштен алынган соң, анын ордуна Мирлан Каниметов дайындалган болчу. Бирок анын да артындагы калбырлары калкып чыгууда.  Анткени ал айтылуу А.  Анапияевдин Минскиде өлтүрүлүшүнө тиешеси бар деп шектелген Г. Абилазизовду ошол учурдагы ИИМ башчысы Турганбаевдин буйругу менен өлкөгө алып келгени учурунда чоң ызы-чууну жараткан болчу. Экс-министр М. Турганбаев бул жагдай тууралуу ИИМдин кылмыштуулукка каршы кызматкерлери Г. Абилазизовду “Манас” аэропортунан тосуп алышкандыгын билдирген. Бирок, көп өтпөй Г. Абилазизовду Москвадан КР ИИМинин кызматкерлери коштоп, аны менен чогуу учуп келгени аныкталган. Акыры ИИМ айласы кеткенде бул окуя жөн гана кокустук экендигин бетке кармаган. Анткен менен М. Каниметов жана ИИМдин башка кызматкерлери Г. Абилазизовду Москванын аэропортунан Бишкектин самолетуна узатып, өздөрү да ошол каттам менен учуп келишкендиги тартылган видео фотолору менен кошо коомчулукка жайылып кеткен. Баса, экс-министр да ошол учурда “кокусунан эле” өзү да Ташкент аркылуу Москвага учуп баргандыгы белгилүү болгон. Бүтүндөй ИИМдин начальниктери ал жакта кандай “оперативдүү” иштерди бүтүрүп жүргөндүгү табышмак бойдон калган. Айтор, М. Каниметов А. Анапияевдин сырдуу өлүмү тууралуу табышмактын жандырмагын билет болуш керек...