Ош шаарында 2016-жылы үч жергиликтүү тургун Түркиянын жараны менен алдын ала макулдашуунун негизинде, жасалма паспрт менен Сауд Арабиясына ажылыкка 98 адамды жөнөтүшмөк болушкан. Алар ажылыкка барууга арзандатылган баа коюп, жарыя беришкен. 98 кыргызстандыктын паспортун чогултушуп, туристтик агенттиги аркылуу Сауд Арабиянын Кыргызстандагы консулдугунда виза ачтырышкан.
Виза даяр болгондо, алар ажылыкка барууга даярданып турушкан кыргызстандыктарга паспортторун ар кандай шылтоолор менен кайтарып беришкен. Андан кийин жасалма паспортторго ага дейре чыныгы паспортторго алынган визаны чапташкан.
Жасалма документтерди Түркияга алып барышып, 2016-жылдын май айында 98 паспортту Кытай жарандарына беришкен. Кылмышкерлер кытайлыктарды Сауд Арабиясына жөнөтүп жаткан жеринен колго түшүшкөн.
Ош шаардык сотунан билдиришкендей, үч шектүү жасалма документтерди жасоого айыпталышты. Алардын экөөсү шарттуу түрдө кесилсе, бири төрт жылга эркинен ажыратылды. Сот залынан темир тор артына кетти.