2018-жылдын 17-июнунда Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө 68 жаштагы Д.В. аттуу жергиликтүү тургун көз жумгандыгы жөнүндө билдирүү келип түшкөн.

 

Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 

 

Окуя болгон жерге тергөө тобу чыгып, бул факты кылмыш каттоо китебине катталып, соттук-медициналык экспертизасы дайындалган. Соттук-медициналык эксперттин күбөлүгүнө ылайык,  Д.В. аттуу киши колдуу болуп өлгөндүгү (кабыргасы сынып, ар кандай жаракат, жана оор шок алгандыгы маалым болгон) аныкталган.

 

Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү деген фактысы менен Токмок шаарынын милиция кызматкерлери  ыкчам-издөө иштерин жүрүгүзүшүп, кылмышка шектүү катары 40 жаштагы С.Т.аттуу Нарын облусунда туулган Чүй облусунун жашоочусу кармалды. Тергөө учурунда төмөнкүлөр маалым болгон:


Окуя бул жылдын 2018-жылдын 17-июнунда саат 12.30 саат болгон.  Шектүү  жаран көчөлөрүнүн биринде жайгашкан бак короодо жабырлануучу Д.В. менен спирт ичимдиктерин ичип отурушуп, сөздөн-сөз чыгып урушуп кетишкен. Ачууланган С.Т.  күч колдонуп, жабырлануучунун денесине ар кандай жаракаттарды келтирген. Жабырлануучу алган жаракаттарынан, эсине келбей көз жумган.


Токмок ШИИБдин тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 4-бөлүмүнө (Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголду.


Шектүү  адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.