Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин жыйынында кадр маселесине токтолду. Ал мамлекеттик кызматтарга жогорку квалификациялуу адистерди тартуу зарылдыгын белгиледи. 

 

"Мамлекеттик кызматтар тажрыйбалуу кадрларга  таңкыс. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кызматкерлери акыйкат сынактар жана таза атаандаштык менен алуу керек. Реформанын башкы максаты - тааныш-билиштик менен кызматка келүүнүн тамырын түп тамырынан кыркуу болуп саналат", - деди президент. 

 

Ал жетекчилерге тажрыйбалуу, билимдүү кадрларды тартып, алардын карьералык өсүшүнө тоскоолдук жаратпоого чакырды.