Коррупцияга каршы күрөштү президент саясий атаандаштарына курал катары колдонбойт. Бул тууралуу парламенттин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди. 

 

"Коррупцияга каршы күрөш эч убакта саясий мүнөзгө ээ болбойт. Ал мыйзам бузууларга жана экономикалык кылмыштарга каршы багытталат. Күч түзүмү баарынан мыйзамды жогору орунга коюшу керек. Бирок, мыйзам бузган адам, кир колун мамлекеттик казынага салган адам ким болбосун жазасын алышы керек", - деди президент.