2018-жылдын 26-июнунда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы КР ИИМдин ички иликтөө Кызматы менен биргеликте ага дейре Башкы прокуратура тарабынан КР Кылмыш жаза кодексинин 304 (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 313 (“Пара талап кылуу”) – беренелеринин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында паракор жетекчини ачыкташты.
Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын жетекчиси М.Н.Н. жана башкы тергөөчү, милициянын подполковниги Ж.А.А. 5000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды.
Маалым болгондой, кармалгандар кылмыш иши боюнча айыпталып жаткан адамдан баш коргоо чарасын өзгөртүүнү жана кылмыш ишин токтотууну убадалап, акча талап кылышкан.
Паракорлордун кылмыш ишин иликтөө УКМКга берилди. Тергөө амалдары жүрүүдө.