Кубат Оторбаев Кыргызстандын Акыйкатчысы кызматын тапшырат. Бул тууралуу журналисттерге ал өзү кабарлады. 

 

Айтымында, мындай чечимге келүүсүнө сырткы таасирлер болгон эмес, бул жеке өзүнүн көптөн бери ойлонуп кабыл алган чечими. 

 

Ал акыркы эки жарым жылда Акыйкатчы институту  адамдардын укугун коргоо жаатында бир топ орчундуу иштерди жүзөгө ашырды. 

 

"Институттун 15 жылдык тарыхында биринчи жолу 19 атайын доклад даярдалып, Кыргызстандын жарандарынын ар кандай укуктарына жана эркиндигине багытталды. Коррупция адам эркиндигин жана укугун чектөөчү булак. Президент Сооронбай Жээнбековдун коррупция менен күрөшкө бурган аракети туура жолдо кетип баратат. Бирок, тилекке каршы, сот, прокуратура жана укук коргоо тармагын түп-тамырынан өзгөртпөй туруп жарандардын укугун толук кандуу коргоо мүмкүн эмес",  - деди Оторбаев. 

 

Эске салсак, Оторбаев 2015-жылдан бери Кыргызстан Акыйкатчысы кызматын аркалап келген.