Өздүк кароо жүргүзүү мезгилинде жапайы кендирдин жыты бар өсүмдүгү табылып алынып, экспертиза көрсөткөндөй жалпы салмагы 800 граммды түзгөн өсүмдүк марихуана баӊгизаты болуп чыккан.

 

Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен кабарлашты. 


Ошол эле күнү, Түп РИИБдин кызматкерлери Ысык-Көл облусу боюнча УКМКнын кызматкерлери менен бирдикте жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, талаада баӊгизатын даярдап жаткан жеринен Орто-Өрүктү айылынын 48 жаштагы тургуну М. Калык колго түшүрүлдү. Анын колундагы капты кароо жүргүзү мезгилинде, ичинен 22 килограммдан ашык марихуана баӊгизаты табылып алынды.


Жогорудагы фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси менен кылмыш иши козголуп, кармалган адам райондук милициянын убактылуу кармоочу жайларына киргизилишип, тергөө амалдары уланууда.


Ысык-Көл облусунун аймагында баӊгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу максатында милиция тарабынан тынымсыз күрөш жүргүзүлүп, иш-жүзүнө ашырылууда.

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы