Укук коргоочу Рита Карасартованын айтымында, УКМК Муратбек Тунгышбаевге саясий качкын макамынын берилбешине болгон күч-аракетин жумшады. Кыргызстан мыйзам боюнча казакстандык блогер Мамлекеттик миграция кызматына кайрылаары менен аталган макамды берүүгө милдеттүү болчу.
Мындай пикирин укук коргоочу тегерек столдо билдирди.
"Биз эгемен өлкө экенибизди таанытышыбыз керек болчу. Атайын кызматтарыбыз Тунгышбаевди экстремисттик ишмердүүлүгүн каржылаган документтерди суратышы керек эле. УКМК кезектеги кылмышты жасашып, Миграция кызматы менен Мурат Тунгышбаевдин жолугушуусуна бөгөт коюшту", - деди укук коргоочу.
Эске салсак, Тунгышбаев Казакстанда тыюу салынган "Казакстандын демократиялык шайлоосу" кыймылына катыштыгы бар деп айыпталгандан кийин Кыргызстанга качып келген. Казак бийлигинин өтүнүчү менен ал бул жактан кыргыз коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан 10-майда кармалган. Ал Миграция кызматына саясий качкын макамын алуу үчүн кайрылып, бирок, берилген жок. Биринчи май райондук соту аны өз өлкөсүнө өткөрүп берүү чечимин чыгарды.