Жогорку Кеңештин депутаты Исланбек Сарсейитов "Электрдик станциялар" ААКсынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттик жылуулук-энергетикалык комплекс боюнча комитетинин көчмө жыйынында белгилүү болду. 

 

Исланбек Сарсейитов "Кыргызстан" фракциясынан депутаттыкка шайланып келген. Ал бүгүн мандатын тапшыраарын билдирди. Айтымында, аталган кызматка 22-июнда эле Улуттук энергохолдингдин директорлор кеңеши тарабынан дайындалган.