Кылмышка шектүүлөрдү, айыпталуучуларды камакта кармоого тоскоол болгон оор оорулардын тизмеси бекитилди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Аталган чечим мыйзам астындагы актыларды Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин жаңы редакциясынын талабына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган.
Көрсөтүлгөн тизме ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан, анын курамына Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тар чөйрөдөгү адистери кирген.
Белгилесек, аталган токтом 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Абактан арачылаган оор оорулардын катарында кургак учуктун бир канча түрлөрү, залалдуу онкологиялык шишиктер жана сахар диабетинин оор түрү бар.