3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун репетициясына жана үн чыгаруучу жабдыктарды орнотууга 500 миң сом каралды. Оюн Кырчын жайлоосунда өтөт. Чыгашалардын тизмеси Мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылды.
Андагы маалыматка караганда, аталган жайлоодо 1 -июлдан 25-августка жана 25-августтан 3-сентябрга чейин боло турган репетицияны өткөрүүгө Улуттук маданият борборуна жүк ташуучу жана жеңил автоунаалар керектелет. Ошондой эле чыгашанын катарына үн чыгаруучу жабдыктарды ижарага алуу, үн режиссерунун кызмат акысын төлөө да киргизилген. Андан тышкары генератор, кабель, розетка алынып келинет жана алар иш чарадан кийин тапшырык берген тарапта калат.