2018-жылдын 26-июнь күнү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда алдын ала маалымат боюнча Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында (Өрүктүү тилкеси) Хонда Степ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай унаа жолдон чыгып Чычкан суусуна түшүп кеткен. Унаанын ичинде 8 адам болгон, алардын ичинен 6 адам Токтогул райондук ооруканасына жолдон өтүп бара жаткан унаалардын айдоочулары тарабынан жеткирилген.
ӨКМнын маалыматына караганда, 2 адам дайынсыз болууда. Жеринде издөө иштерин жүргүзүү үчүн 2018-жылдын 26-июнь күнү саат 06:35те КР ӨКМнин Токтогул райондук №97 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 7 куткаруучу тартылган. Кошумча маалымат берилет.