Баткендин шаардык кеңешинин У. М. аттуу  депутатынын  үйүнөн 960 грамм героин табылганын КР ИИМдин  басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

Маалыматка караганда, козголгон кылмыш ишинин негизинде Баткендин ички иштер башкармалыгынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматы 1963-жылы туулган У. М. аттуу жарандын үйүн тинтүүгө алган. Жыйынтыгында,  көмүр сактаган сарайынан  бир килограммга  жакын баңгизат табылган.

 

Шаардык кеңештин аталган депутаты баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү катары милициянын каттоосунда  турган. Ал ири өлчөмдө баңгизаттарды сатууга аракет кылып жатканы боюнча ыкчам маалыматтар түшүп, ошондон улам үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн.

 

 

Факты боюнча кылмыш иши козголду. Учурда  кошумча тергөө амалдары жүрүүдө.