Бишкектин Октябрь райондук соту Башкы прокуратуранын чечимин колдоп, казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгышбаевди өз өлкөсүнө өткөрүп берүү  боюнча чечим кабыл алды.  Ал эми адвокат Нурбек Токтакуновдун Башкы прокуратуранын  чечимин жокко чыгаруу өтүнүчүн келтирген  арызы четке кагылды.

 

Укук коргоочу Рита Карасартованын айтымында, сот экстрадицияны туура деп тапкан. Ага макул болбогондорду  КР Кылмыш-жаза  кодексинин  131-беренесине ылайык,  ага каршы арызданууга болоорун билдирген. Аталган беренеде арызды  тергөө-иликтөө иштери жүрүп жаткан жерде жазуу керектиги белгиленген. Демек, кыргыз сотунун чечимине арыздануу үчүн укук коргоочулар Казакстанга барышы керек деген мааниде эле болуп калды.

 

"Сот башында бул кылмыш эмес деп, Башкы прокуратуранын жазган сунуштамасын гана карашаарын айтышкан. Анан эле кодекске таянып чечим чыгарышты. Бул башаламан чечим, мындай болушу туура эмес", - дейт укук коргоочу. 

 

Эске салсак, казакстандык блогер Муратбек Тунгышбаев "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылын колдойт деп шектелип, өз өлкөсүнөн качып чыгууга аргаз болгон. 10-майда ал Бишкектен казак бийлигинин өтүнүчү менен КР УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал саясий куугунтукка кириптер болуп калганын айтып, эл аралык уюмдардан жардам сураган. Анын энеси да баласын Казакстанга өткөрүп бербөөнү Сооронбай Жээнбековдон суранып, Акүй алдында митингге чыккан.