Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун абактагы мөөнөтү узартылды. Биринчи май райондук соттун чыгарган чечимине ылайык, ал 28-августка чейин камакта болот.
Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.
Маалыматка караганда, Кулматов абактагы мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн тергөө органдары келтирген.
Ошондой эле КСДП аны камакка алуу боюнча райондук жана шаардык соттун чечимдерине макул эместигин билдирип, Жогорку сотко кайрылышканын кабарлашкан.
Кулматовго карата учурда эки кылмыш иши ачылган. Анын бири - коррупция. Мэр болуп турган кезде кытайлык компаниядан которулган 2 миллион доллар грантты мыйзамсыз иштеткен деп айыпталган.
Ал эми экинчи кылмыш иши жакында эле ачылды. УКМК аны Кыргызстандын атуулдугун 1995-жылы мыйзамсыз алган жана чегарадан мыйзамсыз өткөн деп тапты.