Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Бишкектеги бала бакчалар текшерүүгө алынат. Бул иш чара министр Гүлмира Кудайбердиеванын тапшырмасы менен жүргүзүлөт. 

 

Аталган министрликтин маалыматына караганда, акыркы учурда жарандардан мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги тамак-аш боюнча даттануулар көп келе баштаган. Мындан улам шаардагы жана райондордогу бала бакчаларда балдарды кандай тамак-аш менен тамактандыраары комплекстүү түрдө тыкыр текшерүүгө алуу чечими кабыл алынган. 

 

Ошондой эле, министрлик жарандар бала бакчалардагы тамак-аш боюнча арыз, же билдирүүсүн https://www.facebook.com/minobrkg/ баракчасына жазып калтырса болоорун эскертет.