Бишкектеги  акча алмаштыруучу жайлардын бири  белгисиз адамдар тарабынан тонолду. Тоноочулукту чагылдырган видео соцтармактарга жарыяланды.

 

Тонолгон акча алмаштыруучу жай  Аламүдүн районунун Ленин айылында жайгашкан. Бул тууралуу Чүй ОИИБинен билдиришти. 

 

Маалыматка караганда,  окуя 23-июнда түнкү саат  болжол менен 4.00 чамасында  болгон. Кылмышкерлер  “БМВ Х-5” үлгүсүндөгү кара өңдөгү  автоунаа менен келишкен да, акча алмаштыруучу жайдын темир тоскучун жулуп, ичине киришкен. Ал жерде иштегендерге  травматикалык тапанчадан ок чыгарып, кассадагы  акчанын баарын көтөрүп кетишкен. 

 

Аталган факт боюнча, КР  Кылмыш-жаза кодексинин  168- беренесинин («Каракчылык") негизинде кылмыш  иши козголду. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалды.