Бишкектеги  Октябрь райондук соту бүгүн, 25-июнда  казакстандык  блогер Муратбек Тунгышбаевдин иши каралат. Эске салсак, Башкы прокуратура Тунгшбаевди  Казакстанга өткөрүп берүү тууралуу токтом чыгарган. Блогердин адвокаты бул токтомго каршы арыз жазган.   

 

Казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгышбаев 10-майда Бишкекте улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан  кармалган.  Аны кармоо казак бийлигинин өтүнүчү менен жүргүзүлгөн. Учурда ал  УКМКнын  тергөө абагында кармалууда.

 

Блогер Казакстанда  тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдоду" деп айыпталган. Ал бул айыпты саясий куугунтук катары кабыл алат, ал эми апасы кыргыз бийлигинен уулун Казакстанга өткөрүп бербөөнү суранууда.