Бүгүн, 25-июнда Кыргызстандын аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, өткүн өтөт. Тоолуу райондодо кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Бишкекте түнү +14, күндүз +27;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнү +13, күндүз +28;
Нарында түнү +5, күндүз +23;
Ысык-Көл обласунда түнү +7, күндүз +24 градус;
Талас аймагында түнү +12, күндүз +26 градусту түзөт.