2018-жылдын 22-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда онлайн режиминде Бишек жана Ош шаарларын кошуу менен 23-июнь – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүнө карата министрликтин кызматкерлеринин катышуусунда иш-чара өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө КР ӨКМнин статс-катчысы Азамат Мамбетов КР Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун атынан министрликте иштеген мамлекеттик кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, бекем ден-соолук, өрнөктүү узун өмүр, ынтымагы арткан ырыстуу үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалады.
“Мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилиги өтө жогору, анткени өлкөбүздүн бакубатчылыгы алардын өз милдеттерин сапаттуу, билгичтик менен аткаруусуна түздөн-түз байланыштуу болот. Мамлекеттик кызматкерлердин кесипкөйлүгү, тажрыйбалуулугу жана алдыга умтулуусу бардык иштин ийгилигин жана натыйжалуулугун арттырат”-деди А.Мамбетов.
Өз ишин мыкты билип, так аткарган кызматкерлерге министрликтин сыйлыктары ыйгарылды.