Кыргызстандан Казакстанга экспорттолгон азыктардан стафилококк жана ичеги-карын таякчасы табылганы айтылган. Коңшу мамлекеттин Саламаттыкты сактоо министрлиги дүкөндөрдөн Кыргызстандан келген ден соолукка коркунуч туудурган азыктарды табышканын жарыялаган. "РИХА" өндүрүшүнөн чыккан "Испанская" колбасасынан ичеги-карын таякчасы, ал эми "Үмүм и Ко" ААКсынын "День и ночь" балмуздагынан Staphylococcus aureus чыккан.
Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын оорулардын алдын алуу Департаментинин башчысы Төлө Исаков билдирди.
Азырынча Казакстандан азыктарды текшерүүгө сунуштама келе элек. Келсе, аталган ишканалар текшерилет.