Депутаттар  Исхак Масалиев менен Наталья Никитенко УКМКнын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу үчүн Жогорку Кеңеште атайын комитет түзүү сунушун киргизишти. 

 

Масалиевдин айтымында, бул демилге эчак эле пайда болгон. 

 

"Мындай комитет бизге абдан зарыл. Анын курамына ар бир фракциядан бирден гана депутат кириши керек. Ошондо,  жашыруун жана режимдик маалыматты аз депутат угушат. Бул тармак эл үчүн жабык болгонуна жараша, парламент маалымат алып турушу керек. Албетте, атайын комитеттин курамына кирген депутаттар маалыматтарды сыртка чыгарбоо боюнча жоопкерчилик алышат", - дейт Исхак Масалиев. 

 

Бирок, УКМК мындай демилгеге каршы.