КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагалыгына кайрадан Жыпар Жекшеев шайланды. Бул байкоочу кеңештин мүчөсү Жылдызбек Керимбаевдин соцтармакка жазган билдирүүсүнөн улам белгилүү болду.
Анда жазылганга караганда, төрага шайлоого 14 мүчө добуш беришип, алардын он экиси "макул", бирөөсү "каршы" болгон. Дагы бир бюллетень жараксыз болуп чыккан.
2017-жылдын апрель айында Жогорку Кеңеште КТРКнын байкоочу кеңешинин курамы бекитилген. Май айында Жыпар Жекшеев төрагалыкка шайланган.
Мыйзамга ылайык, Байкоочу кеңештин мүчөлөрү 5 жылга шайланат.